Кара-Суу жана Ош округдары: БШК шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, Кубанычбеков менен Эргешовду депутат деп тааныды

Кечээ, 4-майда БШК эки округда мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун жыйынтыгын аныктады.

Кара-Суу шайлоо округу боюнча Илимбек Кубанычбеков депутат болду.

Ал эми Бекмурза Эргешов Ош шайлоо округу боюнча депутат болуп жарыяланды.

Буга чейин БШК Баткен округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, Бактияр Калпаевди депутат деп тааныган.