Кара-Суу менен Баткенде мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Мындай чечим 22-февралда БШК мүчөлөрүнүн жыйынында кабыл алынды.

Мыйзам боюнча бир мандаттуу округдан чыккан депутат мандатынан кол жууса 2 айдын ичинде кайра шайлоо өтөт. БШК жаңы депутаттарды шайлоо күнүн дайындоо боюнча сунуштамасын президентке жөнөттү.