Кара-Суу районунда ажатканага түшүп кеткен эки аял куткарылды

Кечээ, 3-июнь күнү Кара-Суу районунун Жаңы-Маданият айылында эки аял киши ажатканага түшүп кеткендиги боюнча саат 15:20да бирдиктүү 112 кызматына кабарланган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кара-Суу районундагы №102 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 3 куткаруучу тартылып, саат 15:38де жетип барышкан. Куткаруучулардын маалыматына ылайык, куткаруу иштери жүрүп жатат жана жабырлануучулар аман-эсен.