Кара-Сууда 20 жылдыктар мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга үй куруп беришти

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Тельман айылында 2004-жылы мектепти бүтүргөн 1986-жылкылардын демилгеси менен Юсупжан Юсуповго 1 миллион 300 миң сомго бардык шарттары бар 4 бөлмөлүү үй куруп берилди. Аталган жаран ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, тактап айтканда 3-топтогу майып, эки кыз, бир уулдун атасы. Бул тууралуу Муфтияттан маалымдашты.

Иш-чара алкагында Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Нурланбек Кочкорбаев Кара-Суу районунун калкынын жашоо-турмушун оңдоого жана президенттин №54 Жарлыгына ылайык ашыкча ысырапкерчиликке жол бербөө максатында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кайрымдуулук жасоодо кошкон зор салымы үчүн Кара-Суу шаарындагы №49 Э.Тельман атындагы орто мектебинин 2004-жылы аяктаган бүтүрүүчүлөргө Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Темирболот Абыкеевдин Ыраазычылык катын тапшырды.