1-сентябрь күнү Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнө Кара-Суу шаарынын 1962-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда 7-август күнү 1984-жылы туулган кызы Абдисатар кызы Назгүл жана 2013-жылы туулган небереси Абдисатар кызы Акмарал менен үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.
Бул факты боюнча топтолгон материалдар Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнүн маалымат электрондук журналына катталып, издөө иштери башталган. Абдисатар кызы Назгүл жана Абдисатар кызы Акмарал тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, 03222 5-31-19, 0558 824880, 0707 630003 номурларына чалсаңар болот.