Кара-Сууда ата-энесинен ажыраган балдар үй куруу үчүн жер алышты

Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнүн жашоочулары — ата-энелеринен ажыраган балдардын ар бирине үй куруу үчүн 0,06 га жер тилкелери бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Мыйзамдарга ылайык, жетим балдарга ошондой эле ата-эненин кароосунан ажыраган балдарга турак-жай же жер тилкелери кезексиз берилүүгө тийиш. Турак жайы жок жетим балдардын укуктарын коргоо максатында Ош облустук прокуратурасы тарабынан Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын атына талап келтирилген.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде, аталган айыл өкмөттүн чечими менен жогоруда көрсөтүлгөн жашы жете элек жарандарга жер тилкелери бөлүнүп, аларга укук күбөлөндүрүүчү документтер берилди.