Кара-Сууда дайынсыз болуп жаткан апасы менен кызы Баткенден табылды

Ошто дайынсыз болуп жаткан апасы менен кызы табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

Алар кечээ, 2-октябрда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын аймагында тамактануучу жайлардын биринде иштеп жүргөндүгү аныкталып, туугандарына өткөрүп берилди. 1-сентябрь күнү Кара-Суу районунун ички иштер бөлүмүнө Кара-Суу шаарынын 1962-жылы туулган тургуну кайрылып, 7-август күнү кызы менен небереси үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгын билдирип, арыз менен кайрылган.