Кара-Сууда имамга 750 миң сомдук унаа белек кылышты

Кара-Сууда 20 жылдан ашуун эмгектенген имамга унаа белек кылынды. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Чагыр айылында жайгашкан «Шананов Орозмамат ажы» атындагы мечиттин имамы Анвар Акрамовго жергиликтүү тургундар 750 миң сомго Хонда JAZZ үлгүсүндөгү унаа белек кылышты.

«Мечитибиздин имамы көп жылдардан бери ушул мечитте үзүрлүү эмгектенип келүүдө. Ажы адептүү, жүрүм-туруму менен өзгөчөлөнгөн инсан, бул киши баарыбыздын устазыбыз. Кандай гана маселе болбосун, биз ал киши менен кеңешип иш алып барабыз. Имамыбыз мындан ары да талыкпай эмгектене берет деп ишенебиз», – деп билдирди мечит жамааты.

Анвар Акрамов аталган мечитте 22 жылдан бери эмгектенип келет.