Кара-Сууда жердин Өзбекстанга берилишине каршы болгон митингчилер боз үй тигишти

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай айылынын тургундары Кемпир-Абад суу сактагычына жакын жайгашкан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине каршы. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, нааразы болгон эле боз үй тигип алышкан.

“100гө чукул адам чогулду. Он күндөн бери турушат. Алардын бир гана талабы бар – жер Өзбекстанга берилбесин. Камчыбек Ташиев өзү келсин”,- дешти алар.

Өкмөттүн берген маалыматына караганда, өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев Савай шаарынын тургундары менен жолуккан.

«Митинг болгон жок, жергиликтүү калк менен жолугушуу болду»,- деп белгилешти министрлер кабинети.

Буга чейин СЕРЕП МЕДИА агенттиги бул боюнча Ош ОИИБге кайрылган элек. Алар Кара-Суу районунда эч кандай митинг жок, абал туруктуу экенин билдиришкен.

«Кечээ эки тараптан комиссия мүчөлөрү барып, жеринде чек араларды көрүп, эл менен макулдашып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Боз үйдү болсо Ынтымак айылындагы кароол дөбөгө мурда эле чек арачылар жаан-чачындан калкалап турсун деп тигип коюшкан. Азыр эч кандай митинг жок, жол жабылды деген сөздөр да туура эмес», — дешти милициядан.