Кара-Сууда мугалим менен дарыгерлер үчүн көп кабаттуу үйлөрдүн шаарчасы курулат

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн аймагында мугалим, дарыгерлер үчүн көп кабаттуу үйлөрдүн шаарчасы курулат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, замандын талабы боюнча күндөн энергия алуучу батареялары менен 6 кабаттуу үйлөр салынат. Ал жергиликтүүлөр үчүн ыңгайлуу баада, узак мөөнөткө бөлүп төлөө шарты менен сатылат.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов аталган айылга барып, турак жай маселесин көп кабаттуу үйлөрдү куруу иши боюнча таанышып келген.

«Азыр жер тартыш, айдоо, себүү үчүн да жер болбосо азык-түлүк кымбаттап, каатчылык күч алат. Бирок көп кабаттуу турак жайлардын шарты жакшы болушу керек. Жылытуу системасы жок, ажатканасы сыртта болгон үйлөрдү курганча жөн эле койгула. Бул талапты аткара ала турган курулуш компаниялары бар, өзүм сүйлөшүп жатам. Курулуш үчүн алты гектар жерди жергиликтүү бийликтин балансына өткөрүп алууда тоскоолдуктар жаралууда. Бирок өкмөт башчысы бул идеяны колдоп, ушул күндөрү токтомго кол коюп жатат», — деп билдирген Абдураимов.