Кара-Сууда төрт жаштагы бала ышкырык жутуп каза болду

Төрт жаштагы бала ышкырык жутуп каза болду. Маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 17-декабрда Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айылынын төрт жаштагы тургуну үйдө ойноп жатып, кокустан оюнчук желим ышыкырыкты жутуп алган.

“Чоңдор балага жардам берүүгө аракет кылышкан. Бирок натыйжа чыккан эмес. Ал 20 мүнөт аралыгында каза болгон” дейт басма сөз катчы.

Баланын 1997-жылы туулган апасы жана башка туугандары “эс-учун жоготуп койду” деген ойдо ооруканага алып барышкан. Ал учурда жаш баланын каза болгону аныкталган. Баланын жакындары экспертиза жүргүзүүдөн баш тартышкан.