Кара-Сууда убактылуу кармоочу жайдагы шектүү асынып каза болду

Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайындагы окуя боюнча Ош ОИИБден маалымат беришти.

14-март күнү Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайында Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренесинин (мал уурдоо) негизинде козголгон кылмыш иши боюнча шектүү катары кармалып турган 1983-жылы туулган жаран өзүн-өзү асып каза болгон.

Бул факты каттоого алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Учурда окуя боюнча иликтөө иштери уланууда. Шектүүнүн коңшу өлкөлөрдүн биринде адам өлтүрүүгө шектелип, ага карата эл аралык издөө жарыялангандыгы аныкталган.