Кара-Суудагы интернатта балдарга карата зордук-зомбулук аныкталды

Кыйноолорду алдын алуу борборунун аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери 22-октябрда Оштогу Дадан Султанов атындагы мектеп-интернатка барышып, мыйзам бузууларды аныктаган. 

«Эксперттер аныкталган мыйзам бузууларды балдарга карата жасалган зордук-зомбулук деп эсептешет. Иш сапардын жыйынтыгы менен Кара-Суу районунун прокуратурасына жана билим берүү бөлүмүнө протокол жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.