Кара-Суунун жаштары муктажга үй куруп беришти. Бул үчүнчү там (сүрөт)

Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында жаштар биримдиги тарабынан айылдын муктаж тургундарына жардам иретинде үчүнчү үй бүтүрүлүп, ээсине тапшырылды.

Бул саамалык айылдын имамы Темирлан Токоев жана жаштар тарабынан демилгеленип, ага 21 жаштан 43 жашка чейинки жаштар, ошондой эле Орусияда эмгектенип жүргөн айылдын жаштары өз салымын кошушкан. «Ал эми үйдү толугу менен бүтүрүп тапшырууну эки муундун өкүлдөрү  — 1988-жылы жана 1995-жылы туулган жигиттер жоопкерчиликке алып, 5 ай аралыгында бүтүрүп, өз ээсине тапшырышты. Үй 3 бөлмөлүү болуп, бардык заманбап шарттары менен камсыздалган. Курулушуна жалпысынан 1 миллион 350 миң сом сарпталган», — деп айтылат маалыматта.