Каражыгач токоюндагы «Комсомол» көлү таза суу менен толтурулду

«Бишкек жашыл курулуш» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери көлдүн түбүн механикалаштырылган жана кол менен тазалоо, ошондой эле учурдагы скважиналарды жана канализация системасын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү.
Учурда “Бишкек асфальтсервис” мамлекеттик ишканасынын адистери көлдүн айланасындагы тротуарларды асфальттоодо. Бул жасалма көл жана өзүн-өзү тазалоо системасы жок. Акыркы жылдары көлдү толтуруу үчүн суу Чоң Чүй каналынан алынса, быйыл скважинадан таза суу толтурулуп жатат.