«Каракол» эл аралык аэропортунун курулушу бүтөйүн деп калды (видео)

«Манас» эл аралык аэропортунун жетекчиси Манас Самидинов Ысык-Көл облусунда орун алган «Ысык-Көл» эл аралык аэропортуна иш сапар менен барып, жаңы курулуп жаткан аэробекеттин курулушу менен таанышып, андан ары «Каракол» эл аралык аэропортуна да баш бакканын жазды.

«Жаңы курулуп жаткан аэропортто курулуш иштери өз убагында аткарылууда. Жаңы аэробекеттин курулуш иштери 80 пайызы курулуп бүттү. Аба ырайы жылыса, учуп-конуу тилкесинде — кайра курулуш иштери жанданат»,— деп жазып, видео менен бөлүштү.