Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караган Каракол-Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Азыркы тапта аймакты караган №11 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүрүп жатат. Көчкү жолдун 82-чакырымына түшкөн. Жабыркагандар жок.