Каракол-Эңилчек жолунда кар көчкү түшүп, жол жабылды

17-февралга караган түнү Каракол-Эңилчек унаа жолунун 46-чакырымында кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу унаа жолу 18-февралга чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жеринде жолду тазалоо максатында жол тейлөө кызматынын атайы техникасы тартылды. Кар көчкүнүн көлөмү такталууда. Ал эми ӨКМдин кызматкерлери жана атайы техникасы күчөтүлгөн тартипте нөөмөттө даяр турушат.