«Каракол» лыжа базасында коттедж куруу үчүн карагайлар кыйылабы? Жергиликтүү бийликтин жообу

Иллюстрация

«Каракол» лыжа базасында коттедж шаарчасын куруу үчүн карагайлар кыйылбайт. Бул тууралуу Каракол мамлекеттик жаратылыш паркынын директору Туратбек Муратбек уулу журналисттерге билдирди.

«Каракол» лыжа базасы сөз болуп жаткан жер тилкени ижарага алган, жаңы келишим түзүлгөн эмес жана коттедж куруу азырынча долбоордун гана деңгээлинде. Табигый ресурстар министрлиги менен жаратылыш паркы бул долбоорго макулдук берген эмес. Бир дагы дарак жергиликтүү администрациянын жана жаратылыш паркынын уруксаты жок кыйылбайт», — деди ал.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Кожоевдин айтымында, лыжа базада коттедж куруу үчүн карагайлар кыйылышы мүмкүн деген факты боюнча текшерүү иштери башталды. «Азыркы тапта компания тарабынан эч кандай курулуш иштери жүргүзүлбөй эле турат. Мен бардык карагайларды каттоого алып коюу үчүн ал аймакты дрон менен иликтөөнү тапшырдым. Компаниянын жарнамасында көрсөтүлгөн жер тилкеси Токой чарбасы мамлекеттик агенттигине карайт. Уруксатсыз бир дагы дарак кыйылбайт», — деди ал.

Кечээ, 3-январда Караколдо коттедж шаарчасынын курулушу үчүн жүздөгөн ийне жалбырактуу дарактарды кыйганы жатышат деген маалымат тараган. Долбоордун авторлорунун айтымында, бул коттедждердин шаарчасы «Каракол» лыжа базасынын борборунда жайгашкан «Тоо токоюндагы швейцариялык шаарча» болот.