«Каракол» лыжа базасында коттедж куруу үчүн карагайларды кыйганы жатышат

Караколдо коттедж шаарчасынын курулушу үчүн жүздөгөн ийне жалбырактуу дарактарды кыйганы жатышат. Бул тууралуу болочоктогу комплекстин Инстаграм баракчасына жарыяланган билдирүү аркылуу маалым болду.

Ал комплекс «Каракол» лыжа базасынын борборунда, «Каприз» отелинен жогору жакта, эки лыжа трассасынын орто ченинде жайгашат. Дарактар кыйыла электигине карабай, курулуш иштери башталбай жатып, 20 коттедж сатылганы айтылат. Долбоор тууралуу кенен маалымат берүүдөн лыжа базанын администрациясы баш тартып жатат.