Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору болуп расмий жарыяланды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусу менен кечээ, 2-январь күнү Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору катары расмий жарыяланып, маданий борбордун эстафетасы Каракол шаарынын мэрине тапшырылды. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.

Мындай макам менен эми Каракол шаары 2022-жылы КМШ мамлекеттеринин маданий борбору катары өзүнүн бай тарыхын таанытат. Эл аралык деңгээлде өтө турган иш-чаралар өз убагында жана жогорку деңгээлде өтүшүн камсыздоо максатында Маданият министрлиги комплекстүү иш-чаралар планын Каракол шаарынын мэриясы менен биргеликте алып барат.

2021-жылдын 18-декабрында Тажик мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында “Душанбе – КМШнын маданий борбору – 2021” жылынын жабылыш аземи жана 2022-жылга эстафетаны Каракол шаарына тапшыруу аземи өткөн.