Каракол шаарында милициянын мобилдик топтору түзүлдү

Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилигинин алдында Каракол шаарында милициянын мобилдик топтору түзүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук адиминистрациянын басма сөз кызматы кабарлады.

Мындан ары шаардын аймагындагы коопсуздукту милициянын беш көчмө тобу көзөмөлдөйт. Мындан тышкары 32 милиция кызматкери шаарды жөө кыдырып, тартипти жөнгө салып турат.

Буга чейин коомдук тартипти көзөмөлдөгөн мобилдик топтор Бишкек жана Ош шаарларында ишке киришкен болчу.