Каракол шаарында өлкөдөгү ири эт комбинаты ишке кирди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Каракол шаарындагы “Рейна Кенч” эт комбинатынын ишке киргизилишине катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Эт комбинатынын курулуш иштери өткөн жылдын август айында башталган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 500 баш майда жана 100 баш бодо мал союуну түзөт. Ишкананы ишке киргизүүгө жалпысынан 132 миллион сом сарпталып, анын 36 миллион сому “Айыл Банк” ААКсы тарабынан жеңилдетилген ресурс катары бөлүнгөн.

Эт комбинаты малды Ысык-Көл облусунун төрт районунун фермерлеринен түздөн-түз сатып алып турат. Аны менен облустун малчыларынан малдын туруктуу түрдө сатылып алынышы камсыз кылынары белгиленди. Мындан сырткары, ишкананын өзүнүн лабораториясы бар, ал чыгарылып жаткан продукциянын экологиялык жактан жогорку сапатта экенине кепилдик берет. Эт комбинатында жүздөн ашуун адам жумуш менен камсыздалат жана алардын көпчүлүгү жергиликтүү тургундардан турат. Ишканада чийки зат жана үрөн базасы, асыл тукум чарбасы, ошондой эле “фермерлердин мектеби” болгондуктан, эт комбинатынын ишке кириши эт кластеринин толук кызматын камсыздай алат.

Садыр Жапаров эт комбинатынын өндүрүш цехтерин, иш бөлмөлөрүн көрүп чыкты. Президент ишкананын учурда региондун, келечекте бүтүндөй өлкөнүн, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга салымын кошуп жатканын канааттануу менен белгиледи. Ал кайра иштетүү тармагын колдоо аркылуу калкты сапаттуу айыл чарба продукциясы менен камсыз кылуу мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигине токтолду. Мамлекет башчысы ошондой эле жергиликтүү фермерлерге “Айыл Банк” ААКтын айыл чарба техникасын лизингге берүү боюнча сертификаттарын тапшырды. Андан соң президент малчылардын жана айыл чарба продукцияларынын жарманкесине барып, жергиликтүү ишкерлер менен баарлашты.