Каракол шаарында заманбап гемодиализ борбору ишке кирди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-декабрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында орун алган жаңы гемодиализ борбору менен таанышты. Мамлекет башчысы гемодиализ борборунун ишмердүүлүгү, ал жерде түзүлгөн шарттар менен таанышып, медициналык жайларды жана палаталарды карап чыкты.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айтымында, бөйрөк оорусунан жабыркагандардын саны жыл сайын өсүп, мурда сатып алынган аппараттар эскирип калган. Менчик компаниялардын бири тарабынан салынган Каракол шаарындагы жаңы гемодиализ борбору 70ке чейин адамды тейлей алат. Президент оорукананын жамааты менен баарлашып, орун алган көйгөйлөрдү сурады. Мамлекет башчысы келерки жылы медицина кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу пландары тууралуу айтып берди, бул ата мекендик медицинанын кадрдык потенциалына да оң таасирин тийгизиши керек. Ал саламаттыкты сактоо тармагына аймактык ооруканалар үчүн жалпысынан сегиз тез жардам унаасын белекке берди.

Маалымат үчүн: Бул борборду куруу жана жабдуу менен менчик компаниялардын бири алектенген. Учурда бул ишкананын гемодиализ борборлорунда 31 диализатор бар, анын бешөө Балыкчы шаарында, алтоо Чолпон-Ата шаарында жайгашкан.