Каракол суусуна жакын жашаган жарандар коопсуз жайга көчүрүлдү

Каракол суусунун денгээли көтөрүлүп, тегерегинде жакын жайгашкан турак үйлөрдү каптап кетүү коркунучу пайда болгондугуна байланыштуу, 27 турак үйлөрдүн ээлерин коопсуз жайга көчүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Мындан сырткары, Каракол суусунун жээгиндеги бак-дарактарды тамыры менен агызып кеткен жана 1 көпүрө авариялык абалда.

Каракол шаарынын аймагында жайгашкан “Ривер парк” эс алуучу жайын суу каптоодо. Акыркы маалымат боюнча Каракол суусунун деңгээли ылдыйлап, нөөмөт алынды.