12 жаштагы Алинур Туратбеков өзгөчө эрдикти жана чечкиндүүлүктү көрсөтүп, Каракол шаардык пляжынын жанындагы көлгө чөгүп бараткан үч аялдын өмүрүн сактап калды. Анын тез кабыл алган чечими жана кайраттуулугу кырсыктын алдын алууга шарт түздү.
Алинур Туратбеков Тоң районунун Ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Мирлан Буканбаевдин жана Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын уюштуруу — тескөөчүлүк бөлүмүнүн улук инспектору Наргиза Осмоналиеванын уулу, коомго кызмат кылуу жана өз ара жардамдашуу баалуулуктары эмделген милициялык үй-бүлөдөн чыккан. Мындан тышкары, Алинур самбо күрөшү менен машыгат, бул ага күч жана туруктуулукту өрчүтүүгө жардам берет.
Окуя 20-июль күнү кечинде Алинур апасы жана карындаштары менен көл жээкте эс алып жүргөндө болгон. Жардам сураган үндү уккан Алинур толкунга туруштук бере албай, чөгүп баштаган аялга жардам берүү үчүн сууга секирип кирген. Ошол маалда эки аял чөгүп жаткан аялга жардам берүүгө аракет кылышкан. Бирок көлдүн алдындагы оюктарга туш болушуп, кошо чөгүп башташкан. Сууда сүзүү чеберчилигин жана эрктүүлүгүн көрсөтүп, Алинур чөгүп жаткан аялдарды биринин аркасынан бирин чыгарып, бардыгын жээкке жеткире алган. Анын көрсөткөн эрдиги кырсыктын алдын алып, адамдардын өмүрүн сактап калды.