Караколдо 16 жаштагы Аделя Сапарахунова менен 10 жаштагы Мырзайым Сапарахунова изделип жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 29-майда Каракол ШИИБге 47 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, 28-майда болжол менен саат 10:00 чамасында анын өспүрүм кыздары 2005-жылы туулган Аделя Сапарахунова менен 2011-жылы төрөлгөн Мырзайым Сапарахунова үйдөн чыгышып, кайтып барышкан эмес. Ошол эле учурда, улуу кызынын уюлдук телефону өчүк болгон.
Аделя Сапарахунованын белгилери: бою 155-160 см, дене түзүлүшү арыкчырай, чачы кара ийнинен ылдый, көздөрү жана каштары кара, мурду түз. Кийген кийими: узун көйнөк, жынсы куртка, ак түстөгү кроссовка. Кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт.
Мырзайым Сапарахунованын белгилери: бою 130-140 см, дене түзүлүшү арыкчырай, чачы каре кара түстө, көздөрү жана каштары кара, мурду түз. Кийинген кийими: чакмак узун көйнөк, кызгылт тапочка. Кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт.
Өспүрүм кыздарды тааныган жана алардын азыркы учурда турган жерин аныктоого жардам бере турган адамдар Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө төмөнкү телефондор аркылуу кайрылса болот: (03922) 5-13-80, 5-84-13, 0701549102 же 102.