Караколдо 23 жаштагы келин төрөттөн каза болду. Ымыркайынын абалы айтылды

Каракол шаарындагы төрөт үйүндө 23 жаштагы келин каза болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо координатору Жаңыл Акуновага байланышканыбызда билдирди.

“Ак-Суу районундагы Токтогул айылынын тургуну 23 жаштагы келин төрөт үйүнө 9-сентябрда оор абалда келген. Келин келгенде аябай энтигип, шишип кеткен. Келинге кесарево жасалып, андан кийин аппаратка жаткырылган. Бир күн аппаратта жатып, келин каза болуп калды. Баласы аман-эсен. Келиндин биринчи төрөтү болгон. Абалынын оор экенине карабай, туугандары үч күн дарыгерлерге кайрылган эмес. Өтө начар абалга келип калганда төрөтканага келген. Баласы аман, абалы оор болчу, дарыгерлерлердин көзөмөлүндө”, — деди Акунова.

Маалыматтарга караганда, келиндин күйөөсү дарыгерлерге каршы арыз жазган эмес.