Караколдо да дарактар тоңуп калган (сүрөт)

Социалдык тармактарда Балыкчыда тоңуп калган дарактардын сүрөтү тараган. 4-майда Балыкчыда аба ырайы кескин суук болуп кеткенине байланыштуу дарактар тоңуп калган. Ага чейин алардын сугарылганы маалымдалган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көлдөгү Каракол шаарынын тургуну да дарактар тоңуп калган сүрөт менен бөлүштү. «Эртең менен туруп, карасак эле ушундай экен», — деди ал. Сүрөт бүгүн, 5-майда тартылганын айтты.