Караколдо изделип жаткан бир тууган секелек кыздар табылды

Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан эже-сиңди Адел жана Мырзайым Сапарахуновалар табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Учурда эже-сиңдинин мыйзамдуу өкүлдөрү менен бирге РИИБде үйдөн чыгып кетүүнүн себептери жана шарттары аныкталууда. Буга чейин Ысык-Көл ОИИБ Каракол шаарында 16 жана 10 жаштагы эже-сиңди кечээ, 27-майда саат 10:00 чамасында үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирип, жарандардан аларды табууга жардам сураган эле.