Караколдо жансыз денеси чуңкурдан табылган окуучу. Анын телефонунда видео кайрылуу болгон

30-октябрда Каракол шаарындагы №3 гимназия мектебинин 7-классынын каза болгон окуучусу тууралуу Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнө таянып Билим берүү министрлиги маалымат таратты.

Окуучу А.А. 30-октябрь күнү сабакка толук катышып, саат 17:50дө сабактан чыгып кеткен жана үйүнө барган эмес. Ал мектепте жакшы окуган окуучулардын катарында болгон. Класс жетекчисине окуучунун апасы саат 18:35те билдирген, ошол учурдан тартып класс жетекчиси, ата-энелер, окуучулар, мектеп администрациясы топторго бѳлүнүп, издѳѳ иштерин баштаган. Ошол эле убакта милиция кызматкерлерине кабарлашып, алар дагы издөө ишине катышышкан. Ошол эле күнү саат 22:35те баланын жансыз денеси табылган.

31-октябрь күнү эртең менен баланын телефону табылган, анда анын видео кайрылуусу болгон. Аталган факты Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Учурда тийиштүү иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден Каракол шаарында стадиондун аймагынан 13 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылганын ырасташкан.