Караколдо таштанды челекке жардыруучу зат салган жигит айыпка жыгылды (видео)

Караколдо таштанды челекке жардыруучу зат (взрывчатка) салган жаран шаар тургундарынан кечирим сурады. Бул тууралуу Каракол мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 31-январь күнү Каракол шаарынын мэриясынын маалымат кызматына бейбаштык боюнча материал келип түшкөн. Материал Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлүп, атайын иштер жүргүзүлүп жаранга карата протокол түзүлгөн. Жаранга айып пул салынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.