Караколдо кар жаады

Бүгүн, 21-ноябрда Каракол шаары калың карга оролуп, өзгөчө ажайып көрүнүшкө ээ болду. Жусуп Абдрахмановдун эстелиги жана анын ысымын алып жүргөн көчө ак карга бөлөнүп, өзгөчө көрктүү болуп турду. Бул тууралуу маалыматты президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү бөлүшүп, сүрөттөрдү жарыялады.

«Табият кыштын келээрин эске салып, жүрөктөргө жылуулук тартуулады. Кыш — жакындарыбызды жана бири-бирибизди колдоонун өзгөчө мезгили. Жолдо этият болуңуздар, коопсуздук эрежелерин сактаңыздар жана жардамга муктаж болгон кошуналарыңызга көңүл бурууну унутпаңыздар», — деп жазылат маалыматта.