“Караколдо массалык башаламандык болууда” деген видео боюнча милиция териштирип жатат

Интернетке «Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында массалык баш аламандык орун алып жатат» деген видео боюнча Ысык-Көл ОИИБинен маалымат беришти. Ага ылайык, Каракол шаарында 25-декабрда кечинде эки аймактын балдары пикир келишпестикти чечүү үчүн чогулушкан.

«25-декабрь күнү болжол менен саат 19:45 чамасында Каракол ШИИБине билдирүү келип түшкөн, анда шаардын «Жеӊиш» эс алуу багынын жанында балдар чогулуп жатышкандыгы маалымдалган.

Жергиликтүү милиция тарабынан Каракол шаарынын жана Ак-Суу районунун Жолколот айылынын айрым жаштары чогулуп жатышканы аныкталган. Чогулган жаштар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилген. Саат 21:00 чамаларында топтолгон балдар тарап кетишкен.

«Жеӊиш» эс алуу багынын жанына чогулгандардын ичинен 18 жаштан 25 жашка чейинки 14 жаран Каракол ШИИБине алып келинип, кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Түшүндүрүү иштеринен кийин эки тарап бирибирине карата арыз жазуудан баш тартышты.

Эки тараптын ортосундагы талаштын келип чыгуу жагдайын аныктоо үчүн териштирүү иштери жүргүзүлүүдө«, — дешти мекемеден.