Караколдо өлгөн малды союп жүргөн мал союучу жай жабылды

Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында жайгашкан мал союучу жай тиешелүү уруксат документтери жок, өз билемдик менен ачылып иш алып барып келген. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

«Жарандардан келип түшкөн арыздардын негизинде, күтүүсүз текшерүүнүн жыйынтыгында, бул мал союучу жай ветеринардык-санитардык талаптарды аткарбай, мыйзамсыз иш жүргүзүп, өлгөн малдын этин союп келгени аныкталган. Бул себептен аталган мал союлуучу жай Ветеринардык кызматтын жетекчисинин тапшырмасы менен ишин токтотту», — деп айтылат маалыматта.