Караколдо өткөн этно фестивалда Ош шаары алдыңкы орундарга татыды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Жолболду уулу Садыр акенин 200 жылдык, Байсары уулу Кыдыр акенин 180 жылдык мааракелерине арналган «Улут баскан улуу жол» аттуу IV-этно фестивалынын алкагында өткөн кароо-сынактарда Ош шаары байгелүү орундарга ээ болду.

«Фольклордук этно топтордун салттуу музыкасы» жана «Этно мода» сынагында 1-орундарды камсыздашса, «Хан боз үйлөр жасалгасы жана каада-салт» сынагында 2-орунга татып акчалай сыйлыка татышты.
«Улут баскан улуу жол» аттуу этно фестивалдын алкагында эл аралык «Кыргыз-Казак» айтышы, «Ысык-Көл – Боз үй мекени», «Хан боз үйлөр» жана «Каада салт», «Кол өнөрчүлөр жана шырдак дүйнөсү», «Этно мода», «Фольклордук этно топтордун салттуу музыкасы», «Тарыхтан калган так теке» сынактары уюштурулган.