Караколдо төрөттөн көз жумган келиндин жакындары милицияга арыз менен кайрылган эмес

Караколдо төрөттөн көз жумган 23 жаштагы келиндин жакындары милицияга арыз жазган эмес. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Каракол шаарындагы төрөт үйүндө 23 жаштагы келин каза болгон. “Ак-Суу районундагы Токтогул айылынын тургуну 23 жаштагы келин төрөт үйүнө 9-сентябрда оор абалда келген. Келин келгенде аябай энтигип, шишип кеткен. Келинге кесарево жасалып, андан кийин аппаратка жаткырылган. Бир күн аппаратта жатып, келин каза болуп калды. Баласы аман-эсен. Келиндин биринчи төрөтү болгон. Абалынын оор экенине карабай, туугандары үч күн дарыгерлерге кайрылган эмес. Өтө начар абалга келип калганда төрөтканага келген. Баласы аман, абалы оор болчу, дарыгерлерлердин көзөмөлүндө”, — деген Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо координатору Жаңыл Акунова.