Караколдо түнкүсүн кароосуз жүргөн 12 өспүрүм аныкталды. Ата-энелерине кандай чара колдонулду?

Дем алыш күндөрү Каракол ШИИБдин демилгеси менен «Өспүрүм түн» аталышындагы иш-чара уюштурулуп, жашы жете электердин түнкүсүн үйдөн тышкары болушуна, өз алдынча көчөлөрдө жүрүүсүнө, кылмыштуулуктун деңгээлин азайтуу жана өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн алдын алуу профилактикалык иш-чаралары өткөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө түнкү клубдар, компьютердик оюн жайлар, кафе-барлар текшерилген. Каракол шаарынын Пушкин атындагы багында өз алдынча кароосуз жүргөн 12 өспүрүм аныкталып, ата-энесине эскертүүлөр берилип, тапшырылды. Ошондой эле Орозо айында жарамазан айтып жүргөн балдарга эскертүүлөр берилди.

Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 74-беренесине ылайык, жогорудагы талаптарды аткарбагандыгы үчүн өспүрүмдөрдүн мыйзамдуу өкүлдөрүнө 1000 сом өлчөмүндө айып-пул салынат.