Караколдо үч жыл мурда уурулук кылган шектүүлөр кармалды

Каракол шаарында милиция кызматкерлери үч жыл мурда уурулук кылган шектүүлөрдү кармашты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИББден билдиришти.

2019-жылдын апрель айында Каракол шаардык милициясына аял уурулук боюнча арыз менен кайрылган. Анын үйүнөн жалпы баасы 100 миң сомду түзгөн баалуу буюмдар жана акча каражаттары уурдалганын билдирген. Ошол эле жылдын июнь айында белгисиз адамдар облус борборунун дагы бир тургунунун үйүнөн компьютердик жабдууларын, уюлдук телефондорун жана алтын буюмдарын уурдап кетишкен. Келтирилген чыгым 150 миң сомду түзгөн.

Белгисиз адамдар жабырлануучулардын үйлөрүнө түн ичинде жана кожоюндары жок кезде эшиктин ачкычтарын тандоо жолу менен киришчү. Кылдаттык менен кийин оңой сатыла турган баалуу буюмдарды гана тандашчу.

Жасалган кылмыштардын өткөн мезгилине карабастан, анын бетин ачуу боюнча издөө иштери токтогон жок. Жыйынтыгында, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүүлөрдүн изине түшүшүп, алардын жашаган жерин тактоого жетишкен. Алар жергиликтүү тургундар, мурда соттолгон 27 жана 25 жаштагы жарандар болуп чыгышкан. Алдын ала сурак учурунда, алар жасалган уурулук боюнча күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышты. Мындан тышкары, шектүүлөрдөн уурдалган буюмдардын бир бөлүгү далил зат катары алынды.

Учурда кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен каралган кылмыш курамы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергөө амалдарынын алкагында, шектүү катары кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.