Бишкектен Караколго биринчи техникалык каттам аткарылды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун жетекчиси Манас Самидинов билдирди.
«Мамлекеттик «Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясынын учагы «Манас» эл аралык аэропортунан толук кандуу курулуп, реконструкцияланган «Каракол» эл аралык аэропортуна биринчи техникалык каттамын аткарды. «Каракол» эл аралык аэропортунун салтанаттуу ачылышы 10-декабрда Садыр Жапаровдун катышуусунда болот. Жаңы аэропорт аймактагы туризмди жана инфраструктураны өнүктүрүү үчүн жаңы перспективаларды ачмакчы»,— деп жазды ал.