Караколдогу компьютердик клубда түн ичинде өспүрүмдөр спирт ичимдигин ичип, кальян чегишкен (видео)

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын демилгеси менен аймакта «Өспүрүм» аталышындагы комплекстүү рейддик иш чарасы өтүүдө. Аталган иш чарада, тартип сакчылары социалдык кызматкерлери менен бирдикте, тилемчилик менен алектенишкен, оор турмуштук абалга учураган, мектептердеги формалдуу эмес лидер болгон өспүрүмдөрдү, ошондой эле, түнкү саат 22:00дөн эртең мененки саат 06:00гө чейин ата-энесинин коштоосу жок жүргөн балдарды аныкташууда. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Каракол шаарында өткөн түнкү рейдде милиция кызматкерлери компьютердик салондорун бирин текшергенде эки өспүрүм жүргөнү аныкталган. Түнкүсүн өспүрүмдөр бул жерде эмнеге жүрүшөт деген суроого, салондун администратору саат 21:00дө чоң адамдар акчасын төлөшүп, балдарын компьютердик оюндарга калтырып кетишерин, айрым учурларда ата-энелер да ушундай кыларын билдирген. Өспүрүмдөр шаардык милицияга алып келинип, милицияга ата-энелери да чакырылды. Биринчи жолкусунда тартип сакчылары эскертүү менен чектелип, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин, балдарды мыйзамдуу өкүлдөрүнө тапшырып беришкен.

«Түн ортосуна жакын милиция кызматкерлери жана социалдык кызматынын өкүлдөрү түнкү клубдарын текшерүү учурунда, анда төрт өспүрүм спирт ичимдиктерин ичишип, кальян тартып жатышканын аныкташты. Аларга спирт ичимдигин сатууга кандай себеп менен жол бердиңер деген суроого, мекеменин администраторлору, кардарлардын биринде паспорту бар деген жооп менен чектелди. Муну менен чектелбестен, администратордун бири, өспүрүмдөрдүн бирине башка адамдын паспортун бере койгонго аракет көрдү. Аныкталган спүрүмдөр милиция бөлүмүнө алып келинип, ата-энелери чакырылып, балдары тапшырып берилди», — деп айтылат маалыматта.

Рейддин жүрүшүндө облустун аймагында түнү менен бардыгы болуп 18  өспүрүм саат 22:00дөн кийин мыйзамдуу өкүлдөрү жок, үйлөрүнөн сырткары жүргөндүгү аныкталды. Бардык аныкталган фактылар боюнча мыйзам чегинде тийиштүү чаралар кабыл алынган.