Караколдогу лыжа инструкторлорун Швейцариядан келген эксперттер окутушту (видео)

Караколдогу лыжа инструкторлорун Швейцариядан келген эксперттер окутушту. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

«Караколдогу кышкы туризмдин сыйкырдуу дүйнөсүнө чакырабыз. Швейцариядан келген эксперттер даярдаган тажрыйбалуу лыжа инструкторлору сизге укмуштуудай кооз тоолуу жолдорду ачып беришет. Мындай тренингдерди жыл сайын Кыргыз Республикасынын тоо лыжасы жана сноуборд боюнча инструкторлор ассоциациясы уюштуруп, өткөрүп келет», — деп айтылат маалыматта.