Караколдогу төрөтканада 6 ымыркайдын көз жумушу. Оорукананын директору кызматтан убактылуу бошотулду

Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар Караколдогу төрөтканада жыл башынан бери 6 ымыркай чарчап калганы тууралуу маалымат тараты. Саламаттыкты сактоо министрлигинен окуя боюнча маалымат беришти.

«11-январда ымыркайлардын жана балдардын өлүмү боюнча оперативдүү маалыматтарды чогултуу учурунда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун ымыркайлардын жана балдардын өлүмү боюнча маалыматтарды чогултуу жана талдоо бөлүмү тарабынан жаңы төрөлгөн ымыркайлардын чарчап калган учурлары аныктаган. Буга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлиги тез арада перинатология боюнча алдыңкы адистердин курамынан турган комиссия түзүп, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүнө жөнөткөн. Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүнө текшерүү менен келген комиссия беш учурду каттаган, перинаталдык өлүмдүн алтынчы учуру 15-январда болгон. Оорукананын директору Мирбек Сагынбаев ээлеген кызматынан убактылуу бошотулду. Учурда комиссия мүчөлөрү тарабынан перинаталдык өлүмдүн бардык учурлары талданууда. Жакынкы арада бул иштер ымыркайлардын өлүмүн азайтуу боюнча Ыкчам штабда жеринен каралып, тиешелүү чаралар көрүлөт. Учурда Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт үйү дезинфекциялык иш-чараларга жабылды. Бардык кош бойлуулар жана төрөт учурундагы аялдар Ак-Суу райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун төрөт бөлүмүнө жөнөтүлүүдө. Бардык керектүү дары-дармектер жана медициналык буюмдар толугу менен камсыздалган»,- дешти.