Караколдогу зоопаркка эки арстандын баласын байлап кетишкен (видео)

Эки арстандын баласын Каракол шаарындагы «Бугу-Эне» зоопаркынын дарбазасына бирөө байлап койгон. Бул тууралуу фонддун баракчасында айтылат.

Уюм жырткычтарды бирөөгө белек катары беришкенин, бирок алар бага албай койгонун божомолдошту. Аларга Томас жана Аля деген ысым ыйгарылды.

«Арстандын балдары туура эмес багуу жана тамактандыруудан улам бир топ кыйынчылыктарга дуушар болушкан. Кыязы күндүн нуру да жеткен эмес. Экөөнө чогуу тамак берип багышкан окшойт, Томас Аляга караганда көбүрөөк тамак жеген. Аляда алиментардык гиперпаратиреоз пайда болгон — сөөктөрдөгү кальцийдин азайышына алып келген. Ал кыйынчылык менен жөрмөлөйт. Анын сөөктөрү аябай ооруйт. Ар кандай этиятсыз кыймылда сөөгү сынып кетиши мүмкүн. Томас да арткы буттары менен турууга аракет кылып, аларды дагы сүйрөп басат», — деп билдирди «Бугу-Эне» коомдук фонду.