«Караколго маршрутка жок. Такси 2 миң сом деп жатат» деген видео тарады

Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкектеги автобекетте Ысык-Көлгө маршрутка, автобус жок болуп жатканын айтышып, видео жарыялашты.

Видеонун автору маршрутка болсо да баасы кымбат экенин айтат. «Жети-Өгүзгө да, Караколго да маршрутка жок. Такси айдоочулар 2 миң сом деп жатышат», — дейт ал.