«Каралоону «блогер-президент» өзү уюштурду»: Журналист Али Токтакунов «Саймаити Алиге акча берген имиш» деген сөздөргө карата билдирүү жасады

Иликтөөчү журналист Али Токтакунов Интернетте тараган «Саймаити Алиге акча берген имиш» деген маалыматтарга каршы билдирүү таратты.

Анын айтымында, бул эски маалыматты кайра жаңылап чыгарууга президенттин да тиешеси бар.

«Элди же Райымды тандаңыз» деп кечээги жүрүштө Садыр Жапаровго талап койдук эле. Ал бат эле жооп берди:

Бүгүн бийликчил 7-канал Интернет барактары аркылуу Сооронбай Жээнбековдун тушунда уюштурулуп, Жогорку Кеңеш аркылуу таратылган провокацияны алып чыкты. Ал «Саймаити Алиге акча берген имиш» деген каралоо. Калпы кашкайып, 1 грамм далили жок үчүн убагында ага эл түк ишенген эмес. Күнөөсүздүк презумпциясын бузганы үчүн УКМК сынга жана шылдыңга кабылган.

Эмне үчүн камактагы Сопоковдон мага каршы жалган көрсөтмө алышкан? Анткени ошондогу бийлик ууру-кландын башкы жактоочусу эле.

Эми ал каралоону кайра жаңылап чыгарууну айланасындагы кошоматчылары эмес, «блогер-президент» өзү уюштурду деп эсептейм. Себеби, бул атайын кызмат тарабынан тартылган, тергөөнүн видеосу. А бүтө элек тергөөнүн материалдары буйрук болбосо сыртка чыкпайт.

Бул эмнеден кабар берет? Ууру клан менен жашынмак ойноп, коррупционер «Райымды камайм» деген убадасынан тайып кеткени үчүн Жапаровдун рейтинги кескин түштү. Ал убадасын улам эскертип, маңдайына матап туруп алганыбыз шаштысын кетирди.

Мындан тышкары менин артымдан аңдуу уюштурулуп, жолугушууларым сүрөткө тартылууда. Садыр Жапаровду колдоп келген фейк аккаунттар, боттор мага карата каралоолорун ашкере күчөттү. Буга далилдерибиз бар.

Жапаров октябрда «Алиге рахмат айтыш керек, журналисттер ачкан бир дагы коррупциялык иштер кароосуз калбайт» деген эле. Бул убадасы да сөз бойдон калууда.

Чек ара маселесин чечүү, бааларды ооздуктоо, коррупцияга каршы күрөшүү менен алектенүүнүн ордуна Садыр Жапаровдун бийлиги иликтөөчү журналисттерге эрегишүүдө. Буга чейинки бийлик учурундагыдай эле мага куугунтук күчөдү. Менин жана үй-бүлөмдүн коопсуздугуна коркунуч бар экенин четке какпайм.
Бирок, антикоррупциялык иликтөөлөр токтобойт!”,- деп жазды ал.