Бишкектеги соода борборлорунун биринде эркек киши 17 жаштагы кызга ыдык көрсөткөн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине жабырлануучу өзү билдирди.
Анын айтымында, 15-июль күнү жумушуна 50-60 жаштардагы эркек киши келген. «Клиент болгондон кийин жакшы мамиле кылып, күлүп жооп берип жаттым. Бир маалда эркектер жөнүндө сүйлөй баштады. «Турмушка чыккансынбы?» деп деп сурады. «Мен сага 1 миң доллар берсем, сен мага кыздыгыңды бересиң» деди. «Караңгы жер барбы?» деп баштады. «Эмнеге сурап жатасыз?» десем «жана сүйлөштүк го» деди. Мен нес болуп, эмне деп сүйлөгөнүмдү да билбей калдым»,- деди кыз.