«Караокеде кыргызча ырдоого тыюу салынбайт». «Империя Пиццы» интернетте талкууга алынган видео боюнча жооп берди

Бүгүн социалдык тармактарда “Империя Пиццы” тамактануучу жайында тартылган видео тарап, колдонуучулар арасында кызуу талкууга алынды. Видеодо аталган жайдын администратору кардарлардын бирине караокеде кыргыз тилинде ырдоого тыюу салынарын айтып жатканын көрүүгө болот. Бул колдонуучулар арасында катуу сынга кабылып, көпчүлүктүн терс пикирине кабылды.
Ал эми аталган жай окуяга боюнча төмөнкүдөй билдирүү таратты:
“Биздин филиалдарда кыргыз тилинде ырдоого тыюу салынбайт. Учурда тескерисинче каталогго кыргыз ырларын кошуп жатабыз. Бул бара-бара боло турган иш, андыктан айрым филиалдарда кыргыз ырлары бар, кээ бирлеринде кошула элек. Маалыматты туура жеткирбеген кызматкер үчүн кечирим сурайбыз”.