«Карапайым эл өзгөрүүлөрдү сезүүсү керек». Өкмөт башчы жазгы-талаа жумуштары боюнча кеңешме өткөрдү

«Биздин негизги максатыбыз – бул фермерлер үчүн киреше булагын жогорулатуу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жолу аркылуу агроөнөр жай тармагын реалдуу өнүктүрүү. Учурда мен муну көрө алган жокмун». Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн кеңешмесинде жазгы-талаа жумуштарын уюштуруу жана аны өз мөөнөтүндө өткөрүү маселесин талкуулоо учурунда билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, президенттин «Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгынын алкагында айыл чарбасында кластердик механизмди активдүү ишке киргизүү зарыл. Марипов билдиргендей, айыл чарбаны колдоого алуу алкагында мамлекеттик бюджеттен техниканы лизингге алуу үчүн 540,1 миллион сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алынган, ошондой эле «Айыл чарбасын каржылоо – 9» долбоору боюнча иш жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, кеңешмеде айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбековдун маалыматы айтылды. Ал белгилегендей, агроөнөр жай тармагын өнүктүрүү боюнча ырааттуу иштер жүргүзүлүүдө, анын ичинде айдоо аянттарын жогорулатуу эсебинен пайдаланылбай жаткан жерлердин аянтын кыскартуу, кластердик башкаруу планы иштелип чыгууда.

Өз кезегинде өкмөт башчы аталган ишти күчтөндүрүү зарыл экендигин билдирди. «Карапайым эл өзгөрүүлөрдү сезүүсү керек. Республиканын калкынын көпчүлүк бөлүгү айыл чарбасы менен алектенет, биз аларды жеткиликтүү кредит, үрөн жана жер семирткичтер менен камсыздап, аларга реалдуу колдоо көрсөтүүбүз зарыл. Азырынча бул иштердин реалдуу натыйжасын көрө албай турам», — деди өкмөт башчы.