Кардан улам жолдо калган адамдар «Чапчыма» станциясына жайгаштырылды (видео)

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка унаа жолунун болжол менен 79-80 чакырым аралыгында кар күрткү пайда болуп, Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү 2 унаа (болжол менен 20 жүргүнчүсү менен) жана 1 жеңил унаа жолдо калып калган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жалпы 21 жаран үчүн ӨКМдин Кыргызгидромет кызматынынын «Чапчыма» кар көчкү станциясында 2 бөлмө даярдалып, тамак-аш менен камсыздалып, жайгаштырылган. Абалдары туруктуу. Учурда станцияда 9 жаран түнөп калышты. Калган 12 жаран жолун улантышкан. Ал эми унаа жолго кар көчкү түшүү кооптуулугу болгондугуна байланыштуу аба ырайы турукташканга чейин саат 09:30дан тартып жол каттамы толук жабылган.